• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Гүлназ Жүзбаева пара жеңил атлетика боюнча Париж Олимпиадасына жолдомо утуп алды

9 Кулжа 202410:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык пара жеңил атлетчи Гүлназ Жүзбаева Швейцарияда өткөн «Дүйнө Гран-При» лицензиялык мелдеште алтын медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу (Юлия Фернас — коштоп жүрүчү) 1500 м аралыкты 6 мүнөт 18 секунд 25 милисекундда чуркап өтүп, Париж Олимпиадасына жолдомо алды.

Белгиленгендей, мелдеш 6-8-июнда Ноттвиль шаарында өттү.

Кийинки лицензиялык мелдеш 10-15-июнь күндөрү Париж шаарында (Франция) өтөт. Ага ата мекендик жөө күлүк Жалалидин Абдувалиев (Артём Шапилов — коштоп жүрүүчү) катышат.

Количество просмотров: 182