• Шейшемби 21 Жалган куран 2023
  • Вторник 21 Март 2023

Гапыр Мадаминов Билим берүү министринин кеңешчиси болуп дайындалды

16 марта 2023 в 20:33 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев өлкөгө эмгек сиңирген мугалим, Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Гапыр Мадаминов мектеп, ата-эне, бала байланышынын маанилүүгүнө токтолуп, директорлор мектебин жана креативдүү мугалимдер кеңешин түзүү зарылдыгын белгиледи.

Министр билимдүү коом үчүн жан үрөгөн, тажрыйбага мол агартуучулар менен иштештүүгө, кеңешин угууга даяр экендигин айтып, Гапыр Мадаминовду коомдук башталыштагы кеңешчи кылып дайындады.

Количество просмотров: 1086

Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда