• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Газпром өзү курган мектепти өзү иштетет

31 Теке 2019 12:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.07.2019.Govori.TV.

Бүгүн, Бишкекте “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын каражатына курулган мектеп боюнча кезектеги жыйын болуп өттү. Аталган жыйынга Бишкек шаарынын 40 дан ашуун депутаттары катышып, кеңешмеде мектепти «Газпромдун» башкаруусуна өткөрүп берүү боюнча токтомдун долбооруна добуш беришти.

Шаардык кеңеште добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аталган мектеп  «Газпром-Кыргызстан» компаниясына убактылуу ижарага бериле турганы айтылды. Ал эми шаардык депутат Канат Музуралиев «Газпромдун» башкаруусуна өткөрүп берүү боюнча токтомдун долбоорун сындап чыкты.

“Бүгүнкү токтом долбоорду шаардык кеңеш даярдаш керек болчу. Өзүңүздөр күбө болгондой, бүгүнкү сессияда мен эч кандай добуш берген жокмун. Анткени эртең шаардыктардын суроо талабына кантип жооп берем”,-деди К.Музуралиев.

Ошол эле учурда, Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев Бишкек мэриясы бул мектепти каржылоого күчү жетпей турганын билдирди.

“Мектеп өтө чоң салынгандыктан аны пайдалануунун бир жылдык чыгымы 200 миллион сомго жакын болуп чыкты.Бул суммага жаңы мектеп курса болот. Бишкек мэриясы өз карамагындагы мектептерге бир жылга 35-40 миллион сомдон гана бөлөт. Ошондуктан  Бишкек мэриясы бул мектепти каржылоого күчү жетпейт»,-дейт Түлөбаев.

Эске салсак, «Газпром» компаниясы «Газпром – балдарга» социалдык-программасынын алкагында Бишкектин «Асанбай» кичи районунда 960 орундук мектеп курган. Жаңы мектептин заманбап имараты, жакшы инфраструктурасы, билим берүү жана интерактивдүү мүмкүнчүлүгү Кыргызстан үчүн жакшы белек болгон. Бирок, мектептин курулуш аяктап калган кезде, Бишкектин мэриясынын аны башкаруу мүмкүнчүлүгү жок экендиги аныкталган.

Ошондуктан бул окуу мектебин башкарууну «Газпромго» өткөрүп берүүү сунушу берилген. Компания бул мектепте – айына 22 миң сом төлөп окууну пландаштырууда. Анын 25% — бюджеттегилер үчүн, 10% — мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн, 10% — аз камсыздалган жана көп балалуу үй бүлөлөр үчүн жана 5 % — таланттуу балдар үчүн калтыруу сунушу каралып жатат.

Количество просмотров: 33