• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Генерал-майор Шамкеевдин жаркын элесине арналган митинг-реквием болуп өттү

12 Бештин айы 2022 10:29 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде чыгаан кол башчы, КРнын ИИМнин мурдагы Ички аскерлеринин биринчи кол башчысы, Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин негиздөөчүсү генерал-майор Шамкеев Анарбек Шамкеевичтин жаркын элесине арналган митинг-реквием болуп өттү.

Быйыл, 11-декабрда ал 75 жашка толмок… Бул иш чарага анын жакын куралдаш достору жана туугандары, ардагерлер чакырылып, алар департаменттин клубуна, музейине барышып, баатырдын эстелигине гүл коюшту.

Генерал-майор Анарбек Шамкеевич өзүнүн бүт өмүрүн Ата Мекенге кызмат өтөөгө арнаган, катардагы аткычтан генерал-майорго чейинки күжүрмөн жолду басып өткөн. Советтер Союзу тарагандан кийин, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички аскерлерин түзгөн жана жетектеген. Ал өткөөл мезгилдеги катаал экономикалык шарттарга карабастан Ички Аскерлерди кайрадан түзүп, Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарларында жаңы аскер бөлүктөрүн ачкан.

1990-жылы Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Кыргызстандын эгемендүүлүгү тууралуу декларацияны, биринчи Конституциябызды, өлкөнүн герби жана гимнин кабыл алган инсандардын бири болгон.

Офицерлерге, прапорщиктерге, сержанттарга деги эле бардык өздүк курам үчүн ал адилеттүүлүктүн, ар-намыстын эталону жана устаты болгон. Департаменттин бүгүнкү абалы жана даражасына анын эмгеги зор. Ал өзүнүн жогорку талабы, адамдарга болгон адилет мамилеси менен департаменттин ар бир жоокеринин аскердик милдетин үлгүлүү аткаруусуна бекем негиз салган.

Количество просмотров: 186