• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Гепатитке чалдыккандар жана алардын жакындары нааразылык акцияга чыгышты

11 Жетинин айы 2020 12:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда гепатитке чалдыккандар жана алардын жакындарынан турган 50дөй киши бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигинин алдына нааразылык акцияга чыгышты.

Алар коронавирус пандемиясынын шартында гепатиттин ар кайсы түрүнө чалдыккандар тобокел тобуна кире турганын айтышып, бирок мамлекет тарабынан өздөрүнө көңүл бурулбай жатат деп нааразылык билдиришти.

Гепатитке чалдыккандар дары-дармек жетишпей жатканын жана кымбат экенин маалымдашты. Боор оорулары өлкөдө көп экенине карабай, анын алдын алуу иштери жолго коюлбаганын, гепатит кеңири жайылып жатканын билдиришти. Ошондой эле гепатитке каршы эмдөө иштеринде көйгөй жаралып жатканын да белгилешип, бул маселелерди чечүүнү талап кылышты. Алардын айтымында, гепатитти жугузуп алгандардын жакындарын эмдөөнүн баасы кымбат.

Мындан тышкары Кыргызстанда гепатитти аныктаган лабораториялардын баасы кымбат экенин, ушундан улам эл текшерилбей жатканын, ага карабай ооруканаларда текшерилбеген донор каны куюлуп, боор ооруларынын жугуштуу инфекциялары жайылып жатканын эске салышты.

Количество просмотров: 37