• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Германияда сот Алишер Усмановдун камактагы мүлкүн кайтарып берүү чечимин чыгарды

3 Жетинин айы 2023 16:34 Бишкек Govori.TV

Германиянын Франкфурт-Майн соту өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановго арам акчаны адалдоо ишинин алкагында камакка алынган мүлкүн кайтарып берүү чечимин кабыл алды.

Сот чечимине ылайык, прокуратурага камакка алынган мүлктү кармап турууга тыюу салынды. Бул тууралуу Усмановдун басма сөз кызматы билдирди.

«Интерфакс» агенттиги билдиргендей, тергөө учурунда алынган документтер Усмановго мүлкү менен кошо кайтарылып берилет.

Былтыр сентябрда Германиянын Федералдык кылмыш иликтөө кызматы менен Салык кызматы Усмановдун Тегернзе көлүнүн тегерегиндеги виллаларын, Франкфурттагы батирин жана Бремен портундагы «Дилбар» яхтасын тинтүүгө алган. Тинтүү учурунда Усмановго таандык баалуу искусство коллекциясы алынган.

Der Spiegel басылмасы жазгандай, Франкфурт-на-Майнедеги экинчи сот бул тинтүүлөрдү мыйзамсыз деп тапкан. Соттун чечимине ылайык, Усмановго каршы прокуратура чогулткан далилдер жетишсиз.

Мындан кийин миллиардердин адвокаттары мүлктү жана документтерин кайтарып берүү өтүнүчү менен сотко кайрылышкан. Сот бул арызды канааттандырды.

Быйыл октябрда Германиянын Бавария аймагында полиция жана бажы кызматкерлери орус олигархы Алишер Усмановго таандык объектилерде кайрадан тинтүү иштерин жүргүзгөн.

Анын жыйынтыгында бир нече кымбат баалуу автоунаалар конфискация болгонун Германиянын Бажы кызматы түзгөн «Матрешка» атайын комиссиясынын мүчөлөрү билдирген.

Алишер Усманов Орусиядагы эң бай адамдардын бири. Forbes журналынын соңку маалыматына ылайык, анын байлыгы 14,4 млрд еврону түзөт.

Количество просмотров: 289