• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Германиядан Бишкекке эксперт-дарыгерлердин тобу келди

26 Жетинин айы 2020 18:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-ноябрь күнү Германиядан Бишкекке эксперт-дарыгерлердин тобу келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Алар Кыргызстанга өлкө лабораторияларында COVID-19ду диагностика кылууга жардам берүү үчүн келген. Германиялык дарыгерлер Кыргызстанда 30-ноябрга чейин болушат.

“Германиялык эксперт-дарыгерлердин катарында Шарите (Берлин) клиникасынын Медициналык университетинин, Е.И.Марциновский атындагы медициналык паразитология, тропикалык оорулар институтунун, Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомунун өкүлдөрү бар”, — деп билдирет министрлик.

Бүгүн Германиядан келген дарыгерлер саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен жолугушуп, КР Саламаттык сактоо министрлигине 150 миң ПЧР-тест өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 80