Бишкек.19.06.2019.Govori.TV.
Германиядагы укук коргоо органдары Германия менен Польшанын чек арасынан рекорддук көлөмдөгү аткезчилик героинди табышты. Бул тууралуу «Немис толкуну» басылмасы жарыялады.
Маалыматта Польшадан Германияга 670 кг салмактагы баңгизатты жүк ташуучу унаа менен ташып бара жатышканы айтылат.
Ал унаа Кыргызстандан чыгып, 1-июнда чек арадагы Франкфурт аймагынан текшерүүгө алынган. Баңгизат Түркиядан чыгарылган таттуу катары таңгакталган. Жалпысынан 532 даана таңгак болуп, анын ар бири 1,3 кг болгон.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, афган баңгизатын Бельгияга жеткирүү планы болгон. 40-50 млн еврого (45-56 млн доллар) бааланган мындай чоң көлөмдөгү баңгизат Германияда биринчи жолу колго түшүрүлүп жатканы айтылат.
Грузиянын номуру тагылган унааны түркиялык 63 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан. Ал чоң көлөмдөгү баңгизат ташууга шектүү катары камакка алынды. Бирок айдоочу унаасында баңгизат жүктөлгөнүн билбегенин айткан.
Булак: Акипресс.