• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Гимнди мазактап ырдаган депутат түнү менен тексти жаттап, бүгүн кайра ырдап ийди

5 Аяк оона 2018 14:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.09.2018. Govori.TV
4 сентябрда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин туура эмес аткарып алган депутат Пархат Тулендыбаев түнү менен тексти жаттап чыгыптыр.
Бүгүн ал, расмий түрдө кечирим сурап, гимнди аткарып берди.
«Гимнибизди жаңылыш аткарып алганым үчүн кыргыз элимден башымды ийип кечирим сурайм жана абдан өкүнгөнүмдү билдирем. Ошондой эле Гимнибизди мындан ары кынтыксыз аткарууга милдеттеме алам”, — дейт эл өкүлү.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы анын аткаруусундагы видеону таратты.

 

Количество просмотров: 36