• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Гимнди билбей койгон депутат кыргыз тилине жакшы көңүл бурулбаганын айтып чыкты

13 Аяк оона 2018 10:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.09.2018. Govori.TV

Бүгүн,13-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында депутат Пархат Тулендыбаев Чыңгыз Айтматовго жакшы көңүл бурулбаганын жана тил маселесине да жакшы мамиле кылыш керектигин айтты.


«Быйылкы 2018-жыл президенттин жарлыгы менен «Аймактарды өнүктүрүү жана Айтматовдун 90 жылдыгы»- деп белгиленди. Ушул залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов аркылуу бизди дүйнө жүзү  таанып отурат. 
Ар бир инсан Айтматовду билүүгө тийиш. Бала бакчалар, мектеп, жогорку окуу жайларды  Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдердин көрсөтүп,залкар инсаныбыз жөнүндө маалыматтарды окутуп, үйрөтүшүбүз керек.  Мен дагы азыркы учурда кыргыз тилин үйрөнүп келем. Кыргызда жакшы сөз бар,«Тилди билбеген уят эмес, үйрөнбөгөн уят»,-дейт депутат Пархат Тулендыбаев.

 
Количество просмотров: 33