• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Голливуд актёру Дуэйн Жонсон үйлөндү

21 Баш оона 2019 10:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.08.2019.Govori.TV.

Атактуу Голливуд актёру Жонсон ырчы Лорен Хашианга үйлөндү. Актер жубайы менен түшкөн сүрөттөрүн Instagram баракчасына жүктөгөн.

Маалыматка ылайык, белгилүү актер үлпөт тоюндагы сүрөттөрүн дүйшөмбү күнү жүктөгөн. Буга байланыштуу салтанат жекшемби күнү Гавайиде (АКШ) өткөнүн айтууга болот.

Ал эми чет элдик басылмалар жазгандай, Жонсон менен Хашиан 12 жылдан бери чогуу жашап келишет. Түгөйлөрдүн Жасмин жана Тиана Гиа аттуу балдары бар.

Количество просмотров: 4