• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Горький менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилиши айлампа жол болот

6 Жетинин айы 201913:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын 7-апрель менен Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги тилкеде айланма кыймыл уюштуруу боюнча иштер жүрүп жатат. Буга байланыштуу эртең, 8-ноябрда унаалардын кыймылына тоскоолдук болот.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, айланма кыймыл шаардын жолдорундагы унаа кыймылы көп болгон тилкелерди бошотуу үчүн уюштурулат. Пилоттук долбоор менен капиталдык курулуш башкармалыгынын, «Бишкек асфальт сервис» ишканасынын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери иштеп жатат.

Аталган кесилиште жол чырактар өчүрүлүп, тиешелүү жол белгилер коюлат. Кыймылдын багыты бетон конструкциялар менен белгиленет. Ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоорунун аталган тилкедеги видеокамералары убактылуу өчүрүлөт.

«ЖКККББнын адистери нөөмөткө чыгып, көзөмөлдөшөт. Эгер бул ийгиликтүү өтсө, аталган тилкеде айланма жол болот. Бул учурда кийинки жылы айланма кыймылды эске алуу менен жол оңдоо иштери жүргүзүлөт», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Мындай иштерди Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги тилкеде да жүргүзүү пландалып жатат.

Количество просмотров: 22