• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Govori.TV 4 жашта!

1 Бештин айы 2021 8:59 Бишкек Govori.TV

GOVORI.TV мультимедиалык маалымат агенттиги Кыргызстандын медиа  айдыңына 2017-жылы кирип, өз ишин баштаган.  Бул Кыргызстанда сайтка үзгүлтүксүз түз эфирди чагылдырып турган эң биринчи интернет-телеканал.  

 Govori.TV – бул жаратмандыктын жана өнүгүүнүн компаниясы. 4 жыл ичинде Govori TV сайтына 39 389 мультимедиалык материал жарыяланса, 10 чоң  телевизиондук долбоорлор ишке кирди.

Бул аралыкта 300дөн ашуун белгилүү инсандар, саясатчылар, ишмерлер жана активисттер менен  маектер курулду. Окуяны жеринен ыкчам жеткирүү үчүн  миңдеген түз эфирлер уюштурулду. Түз эфирлер бул — биздин өзгөчөлүгүбүз.

Ар иш күнү обого чыгып, жарандарды акыркы жана маанилүү жаңылыктар  топтому менен тааныштырган “Күндүн ыргагы” , “Соңку жаңылыктар” ошондой эле орус тилинде “Одной строкой” көрсөтүүлөрү иш алып барат.

Каналдын бирден-бир белгилүү долбоорлорунун бири катар “Майдан” теле дебаттарын айтууга болот. Анда көйгөйлүү коомдогу окуялар тууралуу түрдүү көз караштардын кагылышуусу орун алат.

Ар аптага жарык көргөн “Кыйын” ток-шоусу эксперттик потенциады ачууга багытталган.

Govori TV жаңы кадрларды даярдоого багытталган тренингдерди өткөргөн ММКлардын арасында. Компаниянын журналистика мектебинен ондогон жаш кадрлар билимин тереңдеткен.

GOVORI.TV айымдарга тренинг уюштуруп, лидерлик дареметин калыптандырууга мүмкүнчүлүк түздү. Эки жыл ичинде өлкөбүздүн 7 дубанынан келген алдыңкы, активдүү, максатына жете билген жалпысынан 85 айым тренингдег өттү.

Аптасынан бир жолу даярдалган “Как есть” автордук берүүсү коомчулуктун күтүп көргөн көрсөтүүсүнө айланды.

“Ачык айт” талкуусу обого чыкканына аз болсо да өз көрүүчүлөрүн тапты. Ачык талкуу эксперттердин катышуусунда өткөрүлөт.

“Бабалар мурасы” түрмөгүндө Кыргызстандын ажайып кооз аймактары, таң калыштуу жерлери менен коомчулукту тааныштырат. Уламыштар менен мифтер тууралуу лонгриддер govori.tv. сайтынын өзгөчөлүгүнө айланды.

Ал эми “Талантым бар, таанышым жок” түрмөгү эл арасындагы тубаса таланттын ээлерин коомчулукка таанытууга көмөк болду.

GOVORI.TVнын Лайфхак Show”берүүсү шоу бизнес өкүлдөрү менен эксклюзивдүү маек куруп, жандүү үн, жылдыздан кеңеш алды.

Карапайым калктын көйгөйлөрүн чагылдырган “Ачык аянт” түрмөгү айта турган пикири, көйгөйү бар жарандар үчүн аянтча болду.

GOVORI.TV агенттик коронавирус пандемиясы учурунда да ишин токтотпой, күнү-түнү дебей так маалымат жеткирүүгө аракет кылды. Жана Кыргызстандын аймактарынын ортосунда түз эфирде байланыштырган көпүрө болуп, байма-бай кабар алып, көйгөйлөрүн чагылдырып турду.

Govori.TV  Facebook баракчасына 71 миң, YouTube каналы 30 миңден ашса, ал эми Instagram социадык тармагында 120 миңден ашуун активдүү катаалуучу топтосо, Telegram, Одноклассники сыңары интернет тармагында өз окурмандарын тапты. 

Сайттын уникалдуу окурмандарынын саны Google Analitics  көрсөткөндөй суткасына 120 миңге жетти. Бул чек эмес.

«GOVORI.TV» командасы 2019-жылы Душанбеде өткөн Орто Азиялык  MediaCAMP Fest фестивалында журналисттик иликтөөсү үчүн биринчи орунга ээ болгон.

GOVORI.TV агенттиги коомчулукка маалымат жеткирүүдө бейтараптуулукту карманып, болгонун болгондой так жеткирет.

Govori.TV. Ачык айтып, ак сүйлө!

Количество просмотров: 550