Govori.TV мультимедиалык агенттиги 2 жашка толгондугуна байланыштуу студенттерге «Ачык эшик күнүн» жарыялады. «Ачык эшик күнүнө» Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик окуу жайынын журналистика факультетинин студенттери келишти.
Бул иш-чаранын алкагында студенттер интернет каналдын ишмердүүлүгү менен таанышты. Govori.TVнын жетекчиси Кайыргуль Урумканова болочоктогу журналисттерге мультимедиа багытында иштөө тууралуу мастер класс өтүп, алардын баардык суроолоруна жооп берди.