• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Govori.TVнын кабарчысына күч колдонгон сот кызматкерлери боюнча териштирүү жүрөт

2 Бугу 2023 14:55 Бишкек Govori.TV

Журналистти сот имаратынан күч менен чыгарып салган сот кызматкерлери боюнча кызматтык териштирүү жүрөт. Бул тууралуу Сот департаментинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Басма сөз катчынын айтымында, сот приставдары Жунус уулу Ш. менен Жамгырчиев Канаттын кылган аракети боюнча териштирүү иштери жүрүп, эмне үчүн андай кадамга барышканы тууралуу кызматтык иликтөө болот.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-майда Govori TV агенттигинин кабарчысы Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын сотуна даярданып, жабдыктарын орнотуп жаткан учурда аны сот залындагы тартип сакчылары күч колдонуп, эч себепсиз эшикке чыгарып салышкан.

Журналист белгилегендей сот отуруму али баштала элек болчу.

Окуядан соң ал сот аткаруучуларга карата чара көрүү арыз менен сот департаментине кайрылган.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандарды абакта кармоо мөөнөтү боюнча маселени карап баштады.

Количество просмотров: 69