• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Govori TVнын жетекчиси “WikiGap. Кыргызстан айымдарынын”  тизмесине кирди

11 Жалган куран 2022 22:08 Бишкек Govori.TV

Кыргыз тилиндеги Википедия Кыргызстан сыймыктанган 100 айымдын ысымдары менен толукталды. Алардын катарында Govori TV мультимедиалык агенттигинин жетекчиси Кайыргүл Урумканова дагы бар.

Маалым болгондой, “WikiGap. Кыргызстандын айымдары” долбоорунун алкагында Википедия дүйнөлүк интернет-энциклопедиясына жаңы ысымдар кошулду.

Долбоордун максаты – ийгиликке жеткен кыргызстандык аялдар жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу аркылуу гендердик теңчиликти илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү жана аялдардын өлкөнүн коомдук, саясий, экономикалык, маданий жана спорттук турмушундагы жигердүү ролун жана катышуусун жогорулатуу.

Кошумчалай кетсек, WikiGap демилгесин биринчи жолу Швециянын Тышкы иштер министрлиги жана «БУУ-Аялдар» түзүмү 2018-жылы дүйнө жүзү боюнча гендердик теңчилик жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу максатында ишке ашырган. Буга чейин 2019-жылы долбоор Казакстанда ишке ашырылса, 2021-жылы Медиа Полиси Институту Нидерланддардын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте бул долбоорду биздин өлкөдө да ишке ашырууну чечкен. Бул чечимге кыргыз тилдүү Википедияда кыргызстандык кыз-келиндердин жетишкендиктери жөнүндө маалыматты көбөйтүү аракети себеп болгон. Долбоордун алкагында Википедияда жаңы баракчалар да пайда болуп, ошол эле маалда мурда ачылган баракчалар белгилүү айымдар тууралуу жаңы маалыматтар менен толукталды.

Количество просмотров: 330