• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кайыргүл Урумканова: «Кыйын» долбоору максатына жетти

10 Бештин айы 2021 10:55 Бишкек Govori.TV

«Кыйын» долбоору максатына жетти. Бул тууралуу Govori.TV мультимедиалык маалымат агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Урумканова билдирди.

«Кыйын» абдан кызыктуу жана керектүү долбоор. Анткени бул программага Кыргызстандын булуң-бурчундагы лидер айымдарды чакырып, маалыматты туура жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү, саясий-лидерлик сапаттарды калыптандыруу жѳнүндө семинар-тренинг өткөрүп жатабыз. Биздин эң негизги максат элеттеги активист айымдардын эксперттик потенциалын жогорулатуу болчу. Мен ойлойм, биз өз максатыбызга жеттик. Бул окутуу иш-чарасы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында алтынчы жолу өткөрүлүп жатат. Жүздөн ашуун айым биздин тренингден өтүп, өз тажрыйбасын башкалар менен бөлүшкөн учурлар көп. Демек биз муну менен медиа сабаттуулукка үйрөтүп жатабыз»,-деди Урумканова.

Белгилей кетсек, 9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан келген 17 айым катышууда. 7 дубандан келген айымдардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар.

Количество просмотров: 248