• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кайыргүл Урумканова: ЖМКлардын айланасындагы окуялар сыноо жана тарых

3 Бугу 2023 18:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-майда Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү белгиленип жатат. Медиа коомчулук «Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү: Кыргызстанда адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоо» аталышындагы тегерек столго чогулду.

Govori.TV мультимедиалык маалымат агенттигинин жетекчиси Кайыргүл Урумканова ЖМКларды чектөө, сөз эркиндигинин абалына кененирээк токтолуп, төмөндөгүлөрдү белгиледи.

«Акыркы мезгилде ЖМКлардын айланасындагы орун алган окуялар сыноо жана тарых. Көз карандысыз медиалар оор учурду башынан өткөрүп жатат, бирок бул күндөр дагы өтөт»,-деди ал.

Белгилей кетсек, 3-май — басма сөз эркиндигинин күнү катары дүйнөнүн көп мамлекеттеринде белгиленет. Бул дата БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1993-жылы бекитилген.

Количество просмотров: 61