• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Govori.TVнын негиздөөчүсү Кайыргүл Урумканова Президентке караштуу башкаруу академиясынын сыймыгы болуп аталды

11 Жалган куран 2022 16:03 Бишкек Govori.TV

Govori.TV мультимедиалык маалымат агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Урумканова Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын сыймыгы болуп аталды.

Академиянын студенттери окуу жайдын бүтүрүүчүсү Кайыргүл Урумканова тууралуу кыскача тасма тартып, аны ЖОЖдор аралык таймашта тартуулашкан. Белгилей кетсек, алдыңкы Жогорку окуу жайлардын катышуусунда өткөн «Кана эмесе, кыздар!» интеллектуалдык оюнунда тасманы даярдаган КР президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Назик» командасы жеңишке жетип, биринчи орунга ээ болушту.

Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда өткөн бул оюнга ЖОЖдордон 6 команда катышты. Алар: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы. (КРПМБА), К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети (БМУ), И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (КМУ), Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. (КУУ), М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети (КЭУ) жана Кыргызстан Эл аралык университети.

Оюн ЖКнын мурдагы депутаты Айнуру Алтыбаева жетекчилиги астында республикалык аялдар кеңешинин бирикмеси тарабынан уюштурулду.

Интеллектуалдык оюн үч турдан турду:
Тур I. «XXI кылымдын интеллектуалдуу кыздары»
Тур II. «Акылман кыздар»
Тур III. «Чыгармачыл кыздар» (3 мүн. спектакль).

Количество просмотров: 505