• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Грек-рим күрөш боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт

21 Бирдин айы 2024 12:50 Бишкек Govori.TV

22-23-февралда Р. Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде грек-рим күрөш боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Мелдештин жүрүшүндө 55, 60, 63, 72, 77, 82, 87, 97, 130 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт.

Белгилей кетсек, грек-рим күрөш боюнча өлкө чемпионаты «Тайманбас» Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жана Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Количество просмотров: 61