Грузияда массалык нааразылыктарды жараткан чет элдик агенттер боюнча мыйзам долбоору парламенттен чакыртып алынды. Бул тууралуу бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы, «Эл күчү» коомдук кыймылы жана парламенттик көпчүлүктүн биргелешкен билдирүүсүндө айтылат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Эске салсак, Грузияда чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышына миңдеген адамдар нааразылык билдирип жатышат.
Нааразылык акциялары Кутаиси менен Батумиде, Тбилисинин өзүндө башталып, акцияга 30 миңден ашуун адам чогулду. Президент Саломе Зурабишвили чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамга вето коёрун убада кылды. Ал бул мыйзамдын «эч кимге пайдасы жок» деп билдирди. Грузин бийлиги мыйзам долбоорун “эч кандай эскертүүсүз” чакыртып алууну чечти.