• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Грузияда оппозиция парламенттик мандаттарынан баш тартууда

3 Жетинин айы 2020 15:38 Бишкек Govori.TV

Грузияда «Бирдиктүү улуттук кыймыл» башында турган оппозициялык блок депутаттык мандаттарынан баш тартууну чечти.

Бул тууралуу «Кавказ жаңырыгына» блоктун лидерлеринин бири Ника Мелия кабарлады. «Биздин максат – эркин шайлоо өткөрүү. Биз буга жакын арада жетишебиз», – деген Мелия.

Буга чейин Грузиядагы оппозициялык партиялардын бири «Европачыл Грузия» 31-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын адилетсиз деп атап, шайлоонун экинчи айлампасына бойкот жарыялай турганын билдирген. Партиянын лидери Давид Бакрадзе 2-ноябрда журналисттерге «парламенттик шайлоо эркин жана калыс өткөн жок» деп айткан.

Оппозициялык күчтөр Грузияда 8-ноябрда ири нааразылык акциясын өткөрүүнү пландап жатышат.

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, олигарх Бидзина Иванишвили түзгөн бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы добуштардын 48,15%, «Бирдиктүү улуттук кыймыл» кирген оппозицилык блок 27,14%, ал эми «Европачыл Грузия» партиясы 3,78% добуш алганы кабарланган.

Мындан сырткары дагы алты партия парламентке келүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн бир пайыздык босогодон өткөн.

Бул ирет Грузияда шайлоо жаңы система менен өттү. Ага ылайык, парламентеги 150 мандаттын 120сы партиялык тизме менен, ал эми калган 30 депутат бир мандаттуу округдан келет.

Булардын ичинен 15 округда добуш берүүнүн экинчи айлампасы өткөнү жатат.

Количество просмотров: 43