• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Грузияда журналисттер премьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылууда

12 Теке 2021 14:50 Бишкек Govori.TV

Тблисиде 37 жаштагы телеоператор Лексо Лашкараванын өлүмүнө байланыштуу жекшемби күнү кечинде жапырт нааразылык акциясы өттү.

Руставели проспектисине топтолгон миңдеген киши 12-июль күнү эртең мененкиге чейин өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышты.

5-июлда ЛГБТ коомчулугуна кирген адамдардын укуктарын коргоо боюнча жүрүшкө чыккандарга жана аны чагылдырып жүргөн маалымат каражаттарынын кызматкерлерине оңчул радикалдар кол салышкан. Алардын арасында телеоператор Лексо Лашкарава да болгон.

Грузиянын Ички иштер министрлиги кол салган адамдарга карата бир нече кылмыш иши козголгонун билдирген.

18 мамлекеттин дипломатиялык миссиялары жана Евробиримдик бул зомбулукту айыптап, грузин өкмөтүн тынч митинг өткөрүү боюнча адамдардын конституциялык укугун сактоого чакырган.

Количество просмотров: 100