Бишкек.13.08.2019.Govori.TV.
2019-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин
Академиясына чет элдик укук коргоо органдарына алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүү максатында Грузиянын ИИМнин патрулдук милиция Департаментинин директорунун орун басары Леван Мачавариани жана Тбилиси шаарынын патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Зураб Рухадзе келишти. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган эксперттер бир жума бою Бишкек шаардык патрулдук
милиция кызматына сынактан өтүп, учурда билим алып жаткан
талапкерлерине, ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамына, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын, ЖКККББнын, Бишкек шаардык жана Чүй областык ИИББнын кызматкерлерине сабак өтүшөт.
Кайрадан түзүлгөн патрулдук милициянын кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 22-июлунан бери ИИМдин Академиясында билим алып жатышат.