Ысык-Көлдө шайлоонун жыйынтыгына каршы болгон жарандар чогулушту. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү чогулгандар менен жолугуп, аларды маселени тынч чечүүгө чакырды.
Буга чейин Каракол шаарынан жарандар Бишкектеги митингге катышуу үчүн чыкканы тууралуу маалыматтар тараган.
Эске салсак, Бишкектеги аянтка чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агыза турган газ, желим ок, үндүү граната ыргытып, суу чачып таркаткан. Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митингге чыгышкан.
Катышуучулар Өкмөт үйүнүн тосмосунан секирип кирүүгө аракет кылышкан. Милиция, ОМОН кызматкерлери митингдегилерди экиге бөлүп, атайын автоунаа жана иттердин жардамы менен кубалаганы менен митингчилер кайра аянтка кирүү аракетин жасап жатат.