“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Гулайым Жанболот кызы.
30 жаштагы Жанболот кызы Гулайым кесиби боюнча мугалим. Ал жаштарга тарыхты үйрөтүш керек деген ойдо.
«Негизинен мен тарыхый булактар боюнча көп иштеп жүрөм, азыркы күндө биз жаштарга тарыхыбызды үйрөтүшүбүз керек. Жана тарыхыбызды жаңы илимий көз караштар менен алып чыгуу, жаштарга кенен түшүнүк, билим берүү биздин негизги максаттарыбыздын бири. Ал эми бул тренингден деги эле аялдардын саясатта аралашуусу, коомдогу орду жөнүндө маалымат алгым келет», — деди ал.