• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«ГУМ Чынар» соода борборунда шек жараткан баштык табылып, адамдар эвакуацияланууда

17 Жетинин айы 2020 17:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жайгашкан «ГУМ Чынар» соода борборунда адамдар эвакуацияланууда. Маалыматты Govori.TVга соода борбордун админстрациясы тастыктады.

Админстрация билдиргендей, соода борборго жарылуучу каражат коюлду деген маалыматтар келип түшкөн. Буга байланыштуу жарандардын коопсуздугу үчүн эвакуация иштери жүргүзүлгөн.

Ал эми Бишкек ШИИББ учурда соода борбору курчоого алынганын билдирди.

«Бүгүн 16:10до Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө аталган соода борбордон күмөн жараткан баштык табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу барып, имараттын ичиндеги жарандарды эвакуацяилап, курчоого алды», — деп билдиришти ШИИББден.

Количество просмотров: 454