• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«ГУМ Чынар» соода борборунда табылган баштыктын ичинде эмне болгону айтылды

18 Жетинин айы 2020 9:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы ГУМ соода борборунда табылган кара баштыктын ичинде кыям салынган идиш болгон. Бул туураалуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыям салынган кара баштыкты соода борборундагы банктын филиалына келген Н.Д. аттуу жаран калтырып кеткен.

Эскерте кетсек, кечээ, 17-ноябрда “102” кызматына «ГУМ Чынар» соода борборунда күмөндүү баштык табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери соода борборуна келип, анын имараты курчоого алынып, кишилер сыртка чыгарылган.
Учурда соода борбору толук кандуу иштеп жатат.

Количество просмотров: 1318