• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Гурбангулы Бердымухамедов абактагы 868 кишиге ырайым берди

24 Аяк оона 201913:11 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов 868 кишиге ырайым берди. Бул тууралуу 23-сентябрда Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Мунапыс Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына карата жарыяланган. Түркмөнстан Көз карандысыздык майрамын быйыл 27-сентябрда белгилейт.

Түркмөн мамлекеттик басылмалары кабарлагандай, мурдагы соттолуучулар майрамды үй-бүлөсү менен өткөрүшү үчүн укук коргоо органдарына алардын документтерин тезирээк бүткөрүү тапшырмасы берилди.

Түркмөнстан президенти майрамдарга жана маанилүү даталарга карата жылына бир нече жолу мунапыс жарыялайт. Акыркы жолу 2019-жылы Нооруз майрымына карата 2028 киши ырайым алган.

Түркмөнстанда мунапыс тез-тез жарыяланып турганына карабай, саясий туткундар боштондукка чыккандардын тизмесине илинбейт.

Количество просмотров: 44