• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Хабиб Нурмагомедов UFC уюмуна нааразы

12 Тогуздун айы 2018 12:15 Бишкек Govori.TV
   Бишкек.12.10.2018.Govori.TV
UFC уюмунун чемпиону аталган Хабиб Нурмагомедов уюмдун чыгарган чечимине нараазы экенин айтып, билдирүү таратты. Анын пикиринде  UFC уюму бир тараптуу чечим чыгарып, Конордун жасаган терс көрүнүштөрүн көрбөй жатат. Бул тууралуу ал жеке инстаграм баракчасына жазып чыкты. Постко калтырылган билдирүүлөрдүн көпчүлүгү аны туура кадамга барганын колдоп жазгандар болууда.
Мушкер буга чейин Конор МакГрегордун командасы, анын командасына автобустан кол салып, жыйынтыгында эки адам жаракат алып, өлүп калуу коркунучуна кептелгенин буга мисал катары көрсөтүүдө. Конордун бул кылыгын уюм көрмөксөн болгонуна ал катуу кыжырданып жаткан учуру.
Ал “Мыйзам биз тарапка эле иштеген сыяктуу, ошол берилген акчадан баш тарттым, мага кереги жок” деп жазды.
Мындан сырткары ал мелдештен кийин чыгарылган ызы-чууну баштабаганын, жөн эле жыйынтыктап койгонун кошумчалаган.

 

 

 

Количество просмотров: 36