Башкырстандык альпинист Мария Нечаева 7-августта Кыргызстандагы Хан-Теңири чокусуна чыгуу маалында каза болду. Бул тууралуу Башкырстандын альпинисттер уюму социалдык тармактар аркылуу кабарлады.
Маалыматка ылайык, маркум альпинист чокунун 5 миң 900 метр бийик жеринде учуп кектен. Анын сөөгү 5 миң 600 метр бийиктикте табылып, тик учак менен Караколго жеткирилди.
Мария Нечаева тажрыйбалуу тоо туристи болгон, анын артында Ленин чокусу баш болгон көптөгөн жөө жүрүштөр жана ашуулар болгон, ал альпинизм, аскага чыгуу, skyrunning менен олуттуу алектенген.