• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Хельсинки Комиссиясы Кыргызстанды адилеттүү шайлоо өткөрүүгө, коррупцияга каршы аракеттерди көрүүгө чакырды

29 Тогуздун айы 2020 12:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы бийликтин чуулгандуу алмашуусуна жооп кылып, Хельсинки комиссиясынын төрагасы Элси Л. Хастингс жана тең төрагасы сенатор Роджер Уикер төмөнкүдөй
билдирүү жасашты:

“Кыргызстан өзүнүн шайлоо системасына жасалган өзгөрүүлөр мыйзамдуулуктун сакталышын, ачык-айкын болушун жана жарандык коомдун салымы болушун камсыздашы керек. Жокко
чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоо учурунда добуштарды сатып алуу жана коррупцияга байланыштуу айыптоолорго нааразычылык билдирип, көчөгө чыккан кыргыз
жарандары бул система таза жана жаңы болооруна, шайлоолор талаптагыдай өтүп, элдин эркин чагылдырат деген ишенимге ээ болушу керек.
Өлкө алдыга жылышы үчүн, бийлик кеңири жайылган коррупцияны жоюп, жеке ишкерлерди жана
чет элдик инвестицияларды коргошу керек. Саясий оппозицияга, укук коргоочуларга жана журналисттерге көрсөтүлгөн кысым жана куугунтуктоолор жөнүндө билдирүүлөр бизди да тынчсыздандырат.

Биз Кыргызстанды ушул оор мезгилде адам укуктарынын, анын ичинде этникалык азчылыктарга таандык адам укуктарынын корголушун камсыз кылууга чакырабыз.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) Кыргызстанга шайлоолорго же конституциялык өзгөрүүлөргө, ошондой эле жаңы шайлоолорго даярданууда жана байкоо
жүргүзүүдө көмөк көрсөтүүдө маанилүү ролду ойношу мүмкүн деп эсептейбиз. Ал ошондой эле жарандык коомдун жана көзкарандысыз маалымат каражаттарынын ролун колдоого алат.
Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктү толугу менен пайдаланышы керек”.
4-октябрдагы көз боёмочу шайлоо жана жайылып кеткен коррупцияга каршы жаштар жана оппозициялык топтор тарабынан элдик көтөрүлүш башталып, президент Жээнбеков кызматтан кетип, Садыр Жапаров Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу жана премьер-министр болуп дайындалды. ЕККУнун шайлоо байкоочулары 4-октябрдагы парламенттик шайлоо “атаандаштык менен өттү жана жалпы талапкерлер өз ишин эркин жүргүзө алат” деген бүтүмгө келишти, бирок “добуштарды сатып алуу боюнча ишенимдүү айыптоолор олуттуу тынчсызданууну жаратууда” жана “БШКнын бир катар талаштуу чечимдери анын калыстыгына байланыштуу
суроолорду жаратты”.

Өлкөдө жаңы парламенттик да, жаңы президенттик да шайлоо дагы өтөт. Президенттик шайлоо 10-январга белгиленген, бирок парламенттик шайлоонун мөөнөтү белгисиз бойдон калууда.
Парламент буга чейин Шайлоо кодексине бир нече өзгөртүү киргизип, андан аркы реформаны талкуулап жатат. Жапаров президенттик кызматка талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк берүү үчүн декабрь айында президенттик кызматынан кетээрин жана ошону менен президенттин милдетин аткаруучуга буга тыюу салган конституциялык жобону айланып өтөрүн жарыялаган.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча Комиссия, ошондой эле АКШнын Хельсинки Комиссиясы деген аталышта белгилүү болгон уюм, АКШ Өкмөтү тарабынан
Хельсинки келишимдеринин сакталышын көзөмөлдөө анын ичинде адам укуктарын, демократияны жана экономикалык, экологиялык, жана 57 мамлекетте аскердик кызматташтыкты чыңдөөгө укуктары ыйгарылган көзкарандысыз комиссия. Комиссиянын курамына АКШ Сенатынын тогуз мүчөсү, Өкүлдөр палатасынын тогуз мүчөсү жана
Мамлекеттик, Коргоо жана Соода департаменттеринен бирден мүчө кирет.

Количество просмотров: 62