Кечээ, 19-июлда хирург, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Носинов Эрмек Маратович Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө көз жумду.
Эрмек Носинов 1974-жылы Аламүдүн районундагы Карл Маркс совхозунда туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн, Улуттук госпиталдын Ахунбаев атындагы клиникасынын кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн базасында жалпы хирургия бөлүмүндө клиникалык ординатурасын аяктаган.