• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Хизб ут-Тахрирдин» лидери кармалды

18 Бештин айы 2017 14:28 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана Ички иштер министлигинин кызматкерлеринин биргелешкен операциясынын алкагында «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун 11 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары Карима Аманкулова “Азаттыкка” кабарлады.

Анын айтымында, кармалгандардын бири аталган уюмдун аймактагы лидерлеринин бири болуп саналат.

Кармалган жарандар — Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл жана Ош облусунун тургундары. Буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында алардын үйлөрүн тинтүү жүргүзүлүп, “Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмуна тиешелүү адабияттар, баракчалар жана дисктер табылган.

Бул факты боюнча кошумча ыкчам иликтөө жана тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 23