• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Хижама ыкмасы коронавирус менен пневмониядан айыктыра алабы? Адистин жообу 

15 Теке 2020 9:51 Бишкек Govori.TV

Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандагы кан тамыр хирургиясынын негиздөөчүсү Мамбетакун Намазбеков хижама ыкмасы Covid-19 илдетинен же пневмониядан айыктырабы деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, хиджама ыкмасы негизинен мурда ата-бабалар тарабынан адамдын денесиндеги кандын басымы жогору көтөрүлүп кеткенде гана колдонулчу. Башка ооруларга колдонушчу эмес.

«Акыркы убакта хижама көрсөтмөсү барбы, жокпу, айтор бардык ооруларга карата колдонулуп жатат. Эгерде адамдын кан басымы 200дөн ашып кетип жатса, дарылоо жакшы натыйжа бербей калса, ошол убакта канды чыгарып, хижама ыкмасын колдонсо болот. Бирок медицина кызматкеринин көзөмөлү астында, белгилүү көрсөтмөлөргө таянып, кан чыгаруу мүмкүн. Мисалы бөйрөктүн кан тамыры бүтөлүп калып, кан басымы көтөрүлсө бул учурда хижама ыкмасы жардам бербейт. Себеби бул жакта гормондук бузулуу болуп жатат. Мындан улам кан чыгарып, чыгарбаганына карабай бари бир кан басымы ордуна келбейт. Ал бөйрөктөгү кан тамырларды алмаштыруу жолу менен гана жөнгө салынат. Мындан улам коронавирус инфекциясы болобу же башка оорулар болобу анын бардыгын хижама аркылуу дарыласа болот деген туура эмес. Бул медицинанын тилине дагы туура келбейт. Хижама колдонулган учурлардын көрсөтмөлөрү өзүнчө. Ал кан басымы көтөрүлгөн убакта, айрым учурларда гана колдонулушу керек. Бирок көп санда эмес. Хижама жасаган адам сөзсүз түрдө медицина кызматкери болушу абзел. Ал эми медицина тармагында иштеген бир дагы адистин хижама ыкмасын колдонгонун көргөн жокмун», — деди профессор Намазбеков.

Буга чейин бир катар кыргызстандыктар социалдык тармакта хижама ыкмасы менен пневмония жана коронавирусту айыктырса болорун айтышкан.

Количество просмотров: 89