• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Хорватиянын футбол командасы чемпионаттан алчу акчасын аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берет

19 Теке 201810:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.07.2018. Govori.TV
Хорватиянын футбол командасы чемпионаттан алчу акчасын аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берет. Бул туурасында Известия басылмасы жазды.
Маалыматта «Команданын машыктыруучусу Златко Далич алардын ала турган акчасы Хорватияда жашап бирок Адриатика деңизин көрө элек балдарды алып барган атайын фондуга жумшалат. Ал спортчулар Ховартиядагы жашоо-деңгээлди жакшыртууну каалаарын, себеби аталган өлкөнүн жарандары азыр кыйын күндөрдү башынан кечирип жаткандыгын айткан» деп жазылат.
Белгилей кетсек, ФИФА футбол боюнча 2018-жылы Россияда өткөн чемпионатта экинчи орунду ээлеген командага 28 миллион доллар бермекчи. Байге фондусу 2017-жылы аныкталып, жалпы сумма 400 миллион долларды түзгөн.
Количество просмотров: 16