• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖОЖдор жаңы жылдан кийин ачылат

30 Жетинин айы 20209:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар жаңы жылдан кийин иштейт баштайт. Ал эми бала бакчалар боюнча айрым татаалдыктар бар. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өзүнүн Twitter баракчасы аркылуу билдирди. 

«Жогорку окуу жайларды жаңы жылдан кийин ачабыз . Мектептерди жергиликтүү органдар чечет. Шаарда бала бакчаларды ачуу маселе жаратууда. Жолдорун карап жатабыз»,- деп жазылган билдирүүдө. 

Белгилей кетсек, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдордо окууну жандантуу боюнча республикалык штаб менен алгоритм иштеп жатканын кабарлаган.

Количество просмотров: 711