Сууда сүзүүчү Владислав Шулико Ысык-Көлдү сактоо максатында уюшулган экологиялык сүзүүнү аяктады. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Алардын айтымында, 13 күндүн ичинде сууда сүзүүчү топ жээктен жана жээктеги суулардан 5 тонна таштанды чогултуп, ошондой эле көлдөн 15 чакырым балык уулоочу торлорду чыгарышкан.
«Бул биздин элибиздин жалпы жеңиши!» — деп белгиледи Шулико.
Ал 10-августтан тарта узундугу 688 чакырымды түзгөн экологиялык кампанияны баштаган. Сууда сүзүүчү Балыкчыдан баштап, Ысык-Көлдү түштүк жана түндүк жээктеринен сүзүп өтүп, сүзүүнү баштаган жерине келди.
Эске сала кетсек, Шулико 2021-жылдын 27-августунда Ысык-Көлдө 181 чакырымга сүзүп, дүйнөлүк рекорд койгон. Владислав Шулико бу сапар Ысык-Көлдү сүзүү боюнча экинчи дүйнөлүк рекордун койду.
Владислав Шуликого бул иш чараны уюштурууга президент Садыр Жапаров колдоо көрсөткөн.