• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

«Хуйман», «Афраварк» . Министр менен ЖК депутатынын чулдураганы талкуу жаратты

3 Кулжа 2021 18:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңеште коронавирус жуктуруп алгандарга компенсация төлөп берүү боюнча токтом долбоору каралды.

Анда депутат Өмүрбек Бакиров министрден өлкөдө канча жеке менчик лаборатория ПЦР-тест алып, анализ жүргүзүп жатканын сурады.

Министр төрт фирмага уруксат берилгенин айтып, санап берди. Бирок аталыштарын алмаштырып айтты. «Бонецкий» (Бонецкий лабораториясы), «Афраварк» («Аква Лаб»), «Евролаг» («Евролаб»).

Андан соң депутат «мисал үчүн «Хуйман» дегени бар «Human» туурабы?» деп тактады.

Министр депутаттын жаңылган сөзүн оңдойм деген тейде өзү да жаңылып, «Гуман» деп айтты.

Количество просмотров: 745