• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

И. Өмүркулов: КСДП коалициянын курамынан чыкпайт

10 Чын куран 2019 10:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.04.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын көпчүлүк коалициянын курамынан чыгуу ниети жок. Бул тууралуу бүгүн 10-апрелде парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып фракция лидери Иса Өмүркулов айтты.

«Партиянын бир бөлүкчөсү оппозиция боло турган болсо, буга мыйзам жол берет. Фракция чечтик, коалицияда калабыз, коалициялык көпчүлүктө болобуз, иштейбиз»,- деди Өмүркулов.

Ага чейин Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев парламенттеги азыркы башкаруучу коалиция таркашы керек деген пикирин айткан жана жаңы түзүлө турган коалицияга КСДПдан башка фракциялар кириши зарылдыгын белгилеген. Муну ал иштеп жаткан коалициянын курамын өзгөртүүгө мыйзам жол бербей турганы, эгер өзгөрүү болсо башкаруучу көпчүлүк жаңыдан түзүлүшү керектиги менен негиздеген жана азыркы коалицияга былтыр “Республика Ата-Журт” кошулушун мыйзамсыз деп мисал келтирген.

Өмүркулов “Республика Ата-Журт” коалицияга кошулганына мыйзам каршы эместигин айтып, “кошулууга болбойт” деген жазуу жоктугу менен негиздөөдө.

120 мандаттуу кыргыз парламентинде алты фракция бар. Алардын төртөө — КСДП, «Республика Ата-Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» башкаруучу коалицияда. Ал эми «Ата-Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык азчылыкта.

Количество просмотров: 10