Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүнө 5-канал аркылуу жооп берип жатат. Искендер Матраимов алардын фондуна чет өлкөлөрдөн которулган акчалар тууралуу айтты.
“Бизге которулган акчалардын баарынын өзүнүн отчету бар. Биз аларга футболдук аянтча куруп, шарты жок балдарды жогорку окуу жайларда окутуп жатабыз. Иликтөөдө налог төлөнбөптүр деген дагы кеп козголуптур, ал эми кайрымдуулукта налог каралбайт”,-дейт ЖКнын депутаты.
Мындан сырткары, Матраимов фондуна каражаттарды которгон адамдарды жеке тааныбаарын жана аларды көрбөгөнүн кошумчалады.
«Биздин өлкөгө канчалаган арабдар же башка улуттагы жарандар тарабынан кайрымдуулуктар жасалып жатат. Алардыкы эмне себептен айтылбайт да менин фондум аркылуу келген каражаттар каралууда».-деди ал.
Эске салсак, «Азаттык» 29-майда жарыялаган иликтөөдө мамлекеттен чыгарылып кеткен 700 миллион долларга Матраимовдордун ыктымалдуу катышы бар экени айтылган.
Искендер Матраимов — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл арасында «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимовдун бир тууганы.