• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Ибраимов 15 жылга кесилип, Кулматов үй камагына бошотулду

24 Кулжа 202017:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча өкүм чыкты.

Ага ылайык, мурдагы мэр Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланды.

Ал эми Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом өлчөмүндө айып пул салынып, үй камагынан бошотулду. Бирок Кулматов айып пул менен макул эместигин билдирди.

Кулматов Кытай берген акчага “Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган” деп күнөөлөнгөн.

Ибраимовго “Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар” деген айыптар коюлган.

Эске салсак, 2019-жылдын 23-декабрында Бишкектин Ленин райондук соту Ибраимовду 15 жылга эркинен ажыраткан. Кулматовду беш миллион сом айып төлөөгө милдеттендирип, абактан үй камагына бошоткон. Бул иш боюнча экс-мэрлер менен кошо айыпталган 11 кишинин баары сот залынан бошотулган. Айыпталуучулар менен мамлекеттик айыптоочу тарап апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылып, доо арыз 7-февралда карала баштаган.

Количество просмотров: 42