• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ибраимова: «Кыйынга» окшогон долбоорлор коомго керек

7 Тогуздун айы 2021 16:50 Бишкек Govori.TV

«Кыйынга» окшогон долбоорлор коомго керек. Мындай пикирин мурдагы вице-премьер-министр Элмира Ибраимова билдирди.

«Кыйын телевизиондук ток-шоусунун алкагында өтүп жаткан тренинг мыкты окутуучу иш-чара. Республиканын булуң-бурчунан келген айымдар активдүүлүгүн көрсөттү. Алар менен лидерлик сапатты жогорулатуу жолун бирге талкууладык. Тренингдин катышуучуларынын саны көбөйсө, чындыгында Кыргызстандагы айымдардын ролун өзгөртүүгө болот. Аталган долбоорго албан ийгиликтерди каалайм»,-деди мурдагы вице-премьер-министр.

Белгилей кетсек, 7-8-9-октябрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан келген 17 айым катышууда.

Катышуучулардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.

Тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилет. Тренингди мурдагы вице-премьер-министр Элмира Ибраимова, Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко, “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, 24.kg агенттигинин башкы редакторунун орун басары Махинур Ниязова, “Аверс” юридикалык компаниясынын жетекчиси Таалайкүл Токтакунова, гендердик маселелер боюнча эксперт Римма Султанова, “Media Карьера” ораторлук чеберчилик мектебинин негиздөөчүсү маркетолог Ормон Амангелдиев жана Данияр Абдыбековдор өткөрүп жатат.

Тренингдин жыйынтыктары боюнча бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылат. Окутуу Европа Биримдигинин “Демократияны колдоо фонду” жана “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги тарабынан уюштурулууда.

Количество просмотров: 167