10-июлда Финпол тарабынан жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн алкагында суракка чакырылган мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирүү жазды.
«Баары жакшы, мен сурактан кайтып келдим. Мага Кытайга гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча бир нече суроо берилди. Мени айыптап, Өмүрбекова дары-дармектерди жана медициналык шаймандарды башка өлкөлөргө саткан деп жаткандарга айткым келет, Өмүрбекованын демилгеси менен пандемия учурунда дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды өлкөдөн алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө жарлык чыккан. Андыктан күнөөлөгөнгө шашканга чейин, маалыматты тактоо керек. Сындырууга шашпагыла. Мени таанып-билгендер менден бир мүнөт дагы шек санашкан эмес деп үмүттөнөм жана бул маалыматты бурмалоого аракет кылгандардын өз абийирине койдум. Азыр эң негизгиси — вирусту жеңүү, калган нерселер маанилүү эмес. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.Мени ойлоп тынчсыздангандардын бардыгына рахмат», — деп жазган Өмүрбекова.
Эске салсак, Өмүрбекова “коррупция жана фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргогон” деп козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берген.