• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ич кийимчен ырдаган Зеренин атасы үн катты

15 Аяк оона 2018 21:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.09.2018. Govori.TV

Кечээ Zere Asylbek кызымдын клиби чыкты. Клипке карата терс пикирлер менен катар эле мыкты деп баа бергендер арбын. Мага байланышып, куттук айткандардан тышкары аа ботом, агай, бул «желмогуз» сиздин кызыңыз беле, сиздей педагогдун кызы да ушуга барабы, — деп жеке кат жазгандар да бар.
Ооба, Зере менин кызым. Эркин Кыргызстандын эркин ой жүгүрткөн кызы. Кичинесинен өз алдынча чечим чыгарганга, өз оюн ачык билдиргенге, жигердүү болууга, так максат коюп, ага жете билүүгө, акыйкатсыздыктар менен күрөшүүгө, чыгармачыл болууга, бирөөлөрдүн акысын жебегенге, бирөөлөрдү ыксыз күнөөлөбөгөнгө үйрөнгөн. Өлкөбүздөгү болуп жаткан окуяларга карата өзүнүн көз карашы бар. Азыр он тогуз жашта. Он жети жашынан тартып, ар кыл социалдык долбоорлорго жигердүү катышып келет. Коомубуздагы кыздарга, аял затына теңсиз мамилеге карата күрөшчүл мамилеси бар. Өзгөчө Бурулайдын окуясы ушул алгачкы ырынын жаралышына түрткү болду.
Кечээ клип чыккандан кийин биздин үй-бүлөдө да кызуу талаш-тартыш жүрдү. Өзгөчө кызым менен апасы ич кийимчен чыкканы боюнча катуу тартышты. Бир сыйра ыйлап, буктарын да чыгарып алышты. Мен атасы катары кызымдын ушундай кийинип чыккандыгын колдоймунбу? Жок, колдобойм. Апасы колдойбу? Таптакыр колдобойт, караманча каршы.
Анан кантип кызыңыздын ич кийимчен ырдап чыгышына мүмкүнчүлүк бердиңиз?
Мен аны түшүнүүгө аракет кылдым. Анын тандоосун сыйлайм. Атасы болгондугум үчүн эле ага ыксыз кийлигише бербейм. Менден кеңеш, жардам сураса гана аралашам. Окуусунда, ишмердүүлүгүндө, чыгармачылыгында өз алдынча чечим чыгарып, ал чечимдерин негиздөөгө үйрөткөнмүн. Демек клипти тартуу боюнча түзүлгөн командасы менен биргеликте ошондой чечим кабыл алышса керек. Алардын да билгени бардыр…
Урматтуу фейсбукташ досум, менин бул чакан постум, Сиздин мага болгон ишеничиңизге доо кетирген болсо кечирим сурайм. Токтоосуз мени достуктан чыгарып коюңуз.
Баса… Ар тараптан айтылган сындардан улам клипти кайра тартууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калса кийлигишээр белем? Жок, кийлигишпейт элем. Кызым, өзүңөр чечим кабыл алгыла демекмин!
Количество просмотров: 60