• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Ички дүң продуктунун өсүүсү 6,9 пайызга өстү

14 Баш оона 201911:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.08.2019.Govori.TV.

Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2019-жылдын январь-июлунда өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 6,9 пайызга өсүп, 284,4 млрд. сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү, өткөн жылдын январь-июлунун деңгээлинен 3,1 пайызга өсүү менен 251,8 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү.

ИДПнын өсүшү негизинен өнөр жай, курулуш тармактары, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу  – 113,0 пайызды (2018-жылдын январь-июлунда – 97,9 пайыз), ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 102,3 пайызды (2018-жылдын январь-июлунда – 101,6 пайыз) түздү. 

2018-жылдын январь-июлуна салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товар өндүрүү тармактарынын үлүшү 2,7 пайыздык пунктка өсүп, 38,7 пайызды түздү, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү тескерисинче 1,1 пайыздык пунктка төмөндөп, 46,5 пайызды түздү.

Количество просмотров: 13