• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ички иштер министри «Головнойго» барды

10 Бугу 2021 9:18 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 9-майда Баткен облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш сапарынын жүрүшүндө министр Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулушу менен таанышып жана тез арада курулушту аяктоо керектигин тапшырды.

Андан соң У. Ниязбеков аталган айылдын аймагында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына барды. ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Исламбек Кенжекулов министр менен жолугуп, абал тууралуу толук баяндама берди.

Количество просмотров: 159