• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ниязбеков: Кызматтык милдеттерин аткарбаган жетекчилерге катуу чаралар колдонулат 

25 Аяк оона 2023 10:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-сентябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти сактоо багытында аткарылган иштер жана жайкы туристтик мезгилдеги коопсуздукту камсыздоонун жыйынтыктары жөнүндө онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматыкабарлады.

Онлайн кеңешменин жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков үстүбүздөгү жылдын ушул мезгилине чейин элдин коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандарды сервистик тейлөө жана башка маанилүү багыттар боюнча жемиштүү натыйжаларга жетишкенин баса белгиледи.

“Бирок, алдыбызда дагы көптөгөн милдеттер турат. Коомдук тартипти — башкы приоритет болуп саналат. Жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн, республикадагы бардык ички иштер органдарынын биринчи жетекчилерине: ыкчам иш-чараларды уюштуруп, зарыл аракеттерди жүргүзүүнү буйрук кылам. Жооптуу кызматтарга, башкармалыктарга жана региондорго кураторлук жүргүзгөн менин орун басарларым — бул буйруктун аткарылышын жеке көзөмөлгө алыңыздар”,-деген ал.

Андан сырткары, кылмыштардын сапаттуу жана өз убагында иликтениши үчүн тергөө кызматынын алдына дагы тапшырмаларды койду. Алар:

— Катталган бардык кылмыштарга сапаттуу тергөө амалдарын жүргүзүп, сотко жөнөтүү процедурасы катуу көзөмөлгө алынсын;

-Тергөө багыты боюнча начар иш алып барган райондук, шаардык жана облустук ички иштер органдарын аныктап, алардын жетекчилерине тартиптик чара көрүүнү тапшырам;

— Тиешелүү кодекстерге киргизилген өзгөртүүлөрдү ырастап, бардык ички иштер органдары бир нукта иш алып баруусу уюштурулсун;

— Ар түрдүү коллизияларга жол бербөө максатында, ченемдик-укуктук актыларга жана мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүп, кодекстерге шайкеш келтирүү жумуштары алып барылсын;

— Аталган өзгөртүүлөрдүн алкагында “Таза тергөө” программасына кошумча функциялар жайгаштырылсын;

— Жарандардын кайрылууларын калыс чечүү принциби сакталсын. Арыз-даттануулардын тенденциясы боюнча республикалык деңгээлде мониторинг жүргүзүлсүн.

“Дагы бир орчундуу маселе ар бир жетекчи, өзү тейлеген аймактагы криминогендик абалга терең талдоо жүргүзүп, кылмыштын бардык түрүнө каршы күрөшүү иш-чараларын сапаттуу уюштурсун. Мал уурулуктарына, чөнтөк жана батир уурулуктарына, ден-соолукка атайылап зыян келтирүүлөргө, бейбаштыктарга, жаш өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштарга, элдин турмуш-тиричилигине терс кесепетин тийгизген фактыларга бөгөт коюу иштери күчөтүлсүн. Алдын алуу иш-чаралардын жетишсиздигинен мурда соттолгондор кайталап кылмыш жасап, жаш өспүрүмдөр ар түрдүү кылмыштарга аралашып жаткандыгын белгилеп кетмекчимин. Бул маселеге кунт коюп көңүл буруп, кылмышты алдын алуу жана көзөмөлдөө иштерин күчөтүңүздөр. Кылмыштын бетин ачып эле чектелбестен, анын келип чыгуу себептерин аныктаңыздар. Кылмыш ишин сотко чейин коштоо жана башка ушул сыяктуу маанилүү жумуштарга өзгөчө көңүл бурууну эскертем. Коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эл көп чогулган аймактарда жасалган кылмыштарга, укук бузууларга бөгөт коюу чараларын күчөтүңүздөр. Жарандар арасында алдын алуу жумуштарын уюштуруп, күнү-түнү тынымсыз иш жүргүзүүнү колго алыңыздар. Официалдуу түрдө бардык жетекчилерге эскертем – өздүк курамдын тарбиясын чыңдап, элге ак кызмат кылуу принцибин бекем сактаңыздар. Кайсы региондо кандай кемчиликтер бар, кайсы жетекчи аракет жасап, ким жөн эле убакыт өткөрүп жүрбөшү керек. Бизде бардык маалыматтар бар. Ошондуктан ишмердикти жандантып, талыкпастан иштөө керектигин талап кыламын”,-деди ИИМ башчысы.

Улан Ниязбеков кеңешменин жүрүшүндө жаңы “Тартиптик устав” кабыл алынганын жана мындан ары жаңы талап менен иштөө тартибин киргизе турганын билдирди.

«Ар бир жетекчи өзүнүн аткарган ишмердигин тариздеп, кайсы жерден кемчилик кетти, кайсы багыттарды чыңдоо зарыл экендигин баамдап, көйгөйлөрдү жоюп, иш алып барууга милдеттүү. Жөнөкөй кызматкерге караганда, жетекчинин жоопкерчилиги жети эсе көп болоорун көкүрөккө бекем сактап жүрүңүздөр. Эл менен жолугушууларды улантып, жаш өспүрүмдөргө байланышкан фактыларга бөгөт коюу иштерин күчөтүңүздөр. Милдеттерди аткаруу жаатындагы бардык аракеттерди карап, ар бир жетекчинин, алардын жооптуу орун басарларынын аткарган иш жүктөмдөрү боюнча рейтингдик жыйынтыктарды чыгарабыз. Кимде ким, талапка жооп бербесе же салыштырмалуу көрсөткүч менен гана чектеле турган болсо, “Тартиптик уставга” жараша катуу чараларды колдонобуз”,- деди ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн чогулуштун биринчи бөлүгүн жыйынтыктап жатып.

Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.

Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Количество просмотров: 68