• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Министр: Диний экстремисттик уюмдарга каршы күрөш күнү-түнү жүрүүдө

17 Жетинин айы 2023 15:49 Бишкек Govori.TV

Диний экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү үчүн Ички иштер министрлиги күнү-түнү иштеп жатат. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.

«Деструктивдүү жана экстремисттик уюмдардын саясий, экономикалык, криминалдык, өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугуна коркунуч туудурган, кызыкчылыктарды жараткан аракеттерге жана алардын  ишмердүүлүгүнө толук бөгөт коюу иштер жүрүүдө. Маалыматтык-телекоммуникациялык тармактар, анын ичинде интернет тармагы экстремисттик уюмдар үчүн радикалдык көз караштарды жайылтуу, өзүнүн катарына жаңы мүчөлөрдү тартуу, экстремисттик багыттагы кылмыштарды уюштуруу жана жасоо үчүн пайдаланылган негизги байланыш каражаттарын катуу көзөмөлдөп мыйзам чегинде чараларды көрүп жатабыз», — дейт ал.

Ниязбеков айтымында, учурда өлкөдө 21 экстремисттик, террористтик жана деструктивдүү уюмдардын ишине тыюу салынган.

«Экстремисттик жана террористтик уюмдар менен топтор өз идеологиясын пропагандалоо, кызматташтыкка тартуу жана пикирлештерди окутуу, ар кандай террористтик топтор менен байланыш түзүү жана каржылоо максатында глобалдуу маалыматтык-коммуникациялык тармактардын мүмкүнчүлүгүн алар активдүү пайдаланууга аракет кылып  жатышат. Кыргызстандын жаштарынын арасында ар түрдүү багыттагы радикалдык идеялардын таралуусу бизди тынчсыздандырат. Бүгүнкү күндө ички иштер органдары тарабынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Башкы прокуратурасы менен биргеликте Интернет тармагында экстремисттик, террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу 500дөн ашык сайттарга бөгөт коюлду», — дейт министр.

Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында экстремисттик уюмдардын, анын ичинде эл аралык масштабдагы уюмдардын ишинен келип чыккан заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды эске алуу менен “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам жаңы редакцияда иштелип чыгып, 2023-жылдын 28-февралында күчүнө кирген.

«Аталган мыйзамда, экстремисттик ишке каршы аракеттенүүдө мамлекеттик органдардын негизги субъекттери жана компетенциялары аныкталды. Ошондой эле, экстремисттик ишти алдын алуу (профилактикасы), атап айтканда, жеке, юридикалык жактар жана башка уюмдар тарабынан экстремисттик материалдардын таратылышына, сот тарабынан экстремисттик деп табылган уюмдардын аракеттерин коомчулукка ачык жарыяланышына, ошондой эле электр байланыш тармактарын жана байланыш каражаттарын, жалпыга маалымдоо каражаттарын бул максатта пайдаланууга жол бербөө механизмдери иштелип чыкты. Ошондой эле, Кыргызстандын ички иштер органдары тарабынан диний кырдаалдын радикалдашуусун алдын алуу, экстремизмге каршы аракеттенүү багытында тийиштүү иш-чаралар жүзөгө ашырылууда», — дейт ал.

Ал билдиргендей, быйыл 10 айда өлкөдө ички иштер органдары тарабынан экстремизмге каршы күрөшүү багытында 250 факт аныкталды. Алардын ишмердүүлүгү боюнча 1811 нуска экстремисттик материалдар алынды.

«Ушул эле жылы  Кыргызстандын аймагында тыюу салынган 9 экстремисттик жана эл аралык террористтик топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Жакынкы эле аралыкта Жалал-Абад, Ош облусунун жана Ош шаарынан өзгөчө оор кылмыштарды жасаган куралдуу эл аралык экстремисттик-террористик багытты көздөгөн топтор кармалды.

Диний экстремизмди, терроризмди, улуттук жана аймактык кастыкты козутууну алдын алуу максатында республика боюнча жалпы 4584 маалымдоо-алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Атайын  лекциялар, семинар-тренингдер,  форумдар, конференциялар, жолугушуулар жана тегерек столдор уюштурулду.

Учурда Ички иштер министрлиги тарабынан экстремизмди жана терроризмди  алдын алуу максатында бардык мамлекеттик органдар, күч түзүмдөрү менен биргелешкен иш-чаралардын пландары иштелип чыгып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — дейт Ниязбеков.

Количество просмотров: 113