• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ички иштер министри: Кылмыштуулук азайды

18 Теке 2022 11:09 Бишкек Govori.TV

Былтыр 6 айда 43 миң 159 кылмыш катталса, быйыл 6 айда 22 миң 634 кылмыш катталып, кылмыштын катталуусу былтыркыга салыштырганда 20 миң 525 кылмышка же 47%га азайган. Бул тууралуу Ички иштер министри Улан Ниязбеков «Ички иштер органдарынын 2022-жылдын 6 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердиги боюнча» өткөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, кылмыштын бети былтыркыга салыштырмалуу 2 миң 421ге же 19%га көп ачылган (былтыр 12 миң 428 кылмыштын бети ачылса, быйыл 14 миң 849 кылмыштын бети ачылган).

«Сотко 423 кылмыш иши көп жөнөтүлүп, сотко жөнөтүү 4,5% жогорулаган (былтыр 9 миң 468 жөнөтүлсө, быйыл 9 миң 891 жөнөтүлгөн). Оор жана өтө оор кылмыштар 30%га, киши өлтүрүүлөр 6%га, зордуктоолор 45%га, опуза талап 63%га, алдамчылык 25%га, транспорт каражатын айдап качуулар 26%га, уурулуктар 39%га жана башка кылмыштардын көрсөткүчтөрү да төмөндөгөн. Баңгизаттарды аныктоо 140 учурга жакшырып, беш тонна 821 кг. баңгизаттар алынып, былтыркыга салыштырмалуу эки тонна 910 кг көп алынган. 204 экстремизм кылмыштары аныкталып, натыйжада 1 миң 678ден ашык материалдар алынган. Экстремисттик ишмердик менен алектенген 40ка жакын интернет сайттарды жабууга жетиштик»,-деди Ниязбеков.

Количество просмотров: 345